Издөө өнөктүктөрү

Сизди Google Издөө кызматында табышат

Күн сайын миллиондогон нерселерди издеген Google'дун колдонуучуларынын арасында сиз сунуштаган товарга же кызматка кызыгып, аны сатып ала тургандар болбой койбойт, андыктан Издөө жарнамаларын колдонуп көрүңүз.

Издөө өнөктүктөрү үчүн вебсайттын трафигин же сатууларды жогорулатуу сыяктуу максатты тандап алуу керек.

Ар бир чыкылдатуу үчүн төлөө (PPC) функциясы менен, кимдир-бирөө вебсайтыңызга кирүү же телефон чалуу үчүн Издөө жарнамаңызды чыкылдатканда гана акы төлөйсүз.

Баштадык

3 кадамдан баштаңыз

Издөө жарнамаңызды түзүңүз

Жарнамаңызда кандай товарлар менен кызматтарды сунуштап жатканыңызды бир нече мүнөттө сүрөттөп бере аласыз.

Аудиторияңызды тандаңыз

Google'да изделген тийиштүү ачкыч сөздөрдү тандап, болочок кардарларыңыз менен байланышыңыз.

Бюджетиңизди белгилеңиз

Күнүмдүк бюджет коюлгандан кийин, ар бир чыкылдатуу үчүн төлөйсүз. Ошол көрсөтүлгөн айлык бюджеттен ашыкча чыгым болбойсуз.

Издөө жарнамалары менен товарыңызды керектүү адамдарга көрсөтүңүз

Колдонуучуларды аракет көрүүгө үндөңүз

Издөө жарнамаңыз даяр болгондон кийин кандай максатты көздөгөнүңүздү көрсөтүңүз, мисалы:

  • Интернеттеги же дүкөндөгү сатууларды жогорулатуу
  • Көбүрөөк кардарларды тартуу
  • Вебсайттын трафигин жогорулатуу

Компанияңыз тууралуу орчундуу маалыматты бөлүп көрсөтүңүз

Компаниянын дареги, вебсайтыңыздын белгилүү бир бөлүмдөрүнө шилтемелер, товарга байланыштуу сын-пикирлер сыяктуу кошумча маалыматты кошуу үчүн жарнаманын кеңейтүүлөрүн колдонуңуз.

Ийгиликтерге жетүү үчүн параметрлерди тууралаңыз

Google Ads аркылуу жарнамалык тексттин бир нече вариантын жазып, кыйла таасирдүүсүн тандай аласыз.

Өнөктүктүн аткарылышына көз салыңыз

Өнөктүгүңүздүн чоо-жайын куралдар тактасынан көрүп турасыз. Мындан тышкары, такай түзүлүп туруучу отчёттордун, статистиканын жана кеңештердин жардамы менен, кыйла көбүрөөк ийгиликтерге жете аласыз.

Издөө өнөктүгүңүздү баштаңыз

Google Ads кызматындагы өнөктүктөрдүн түрлөрү жөнүндө суроолоруңуз барбы?