Ачкыч сөздү пландагыч

Туура ачкыч сөздөрдү тандаңыз

Туура аныкталган ачкыч сөздөр жарнамаңызды керектүү кардарларга көрсөтөт. Ал эми Google Ads кызматынын Ачкыч сөздү пландагычы сизге жардам берүүгө ар дайым даяр.

Ачкыч сөздөрдү пландагычка өтүү

Ачкыч сөздү пландагыч кантип иштейт

Ачкыч сөздөрдү талдоодо жана туура сөздөрдү тандоодо жардам алыңыз.

Жаңы ачкыч сөздөрдү табуу

Товарыңызга же кызматтарыңызга тийиштүү сөздөрдү же сөз айкаштарын издеп баштаңыз. Ачкыч сөздөрдү талдоо куралыбыз компанияңызга ылайыктуу ачкыч сөздөрдү табууга жардам берет.

Ачкыч сөздөрдү талдоо

Ачкыч сөздөрдү талдаган куралыбыз менен тигил же бул сөздүн канча жолу изделгенин жана убакыт өткөн сайын издөө сурамдары кандайча өзгөргөнүн аныктай аласыз. Ушундай маалыматтын негизинде кыйла тагыраак ачкыч сөздөрдү тандоого болот.

Болжолдуу коюмдарды алуу

Ачкыч сөздөрдү пландагычта ар бир ачкыч сөздүн болжолдуу коюмун алып, анын негизинде жарнамаңыздын бюджетин белгилей аласыз.

План түзүңүз

Өзүңүзгө жаккан ачкыч сөздү тапканда, аны жарнамалоо планыңызга кошуп алсаңыз болот. Планыңызды келечекте колдонуу үчүн сактап коюңуз же командаңыз менен бөлүшүңүз. Даяр болгондо, өнөктүгүңүздү ишке киргизиңиз.

Компанияңызды таасын сүрөттөгөн ачкыч сөздөрдү табыңыз

Кошумча суроолоруңуз барбы?