Медиялык жарнамалар өнөктүктөрү

Интернеттеги ар кайсы ресурстар аркылуу көбүрөөк адамдарга кайрылыңыз

Медиялык жарнамалар аркылуу сүйүктүү сайттарына кирип же YouTube´да видео көрүп жаткан, Gmail почтасын текшерип жаткан, ошондой эле мобилдик түзмөктөрүн жана колдонмолорун колдонуп жаткан болочок кардарларыңызга өз компанияңыз тууралуу айтып бере аласыз.

Контексттик-медиялык тармакты Интернет колдонуучуларынын 90% пайдаланып, анда миллиондогон сайттар, жаңылыктар жана блогдор, ошондой эле Gmail жана YouTube сыяктуу Google’дун кызматтары камтылат.

Баштадык

3 кадамдан баштаңыз

Өнөктүгүңүздү түзүңүз

Сунушуңузду көркөмдөп көрсөтүү үчүн текст менен бирге сүрөттөрдү да пайдаланыңыз.

Кардарларыңыз менен байланышыңыз

Колдонуучулардын кызыкчылыктары менен демографиялык көрсөткүчтөргө таянып, жарнамаңыз көрсөтүлө турган жерлерди тандаңыз.

Бюджетиңизди белгилеңиз

Бюджетиңизди белгилеп, алынган натыйжа үчүн гана, мисалы, элдер жарнамаңызды чыкылдатып, вебсайтыңызга өткөндө гана акы төлөйсүз.

Кардарларыңыз менен алар жакшы көргөн сайттар менен колдонмолордо байланышыңыз

Жарнамалоо максаттарыңызга жетиңиз

Контексттик-медиялык өнөктүктөр көбүрөөк адамдарга көрүнүп, алардын жардамы менен:

  • Брендиңизди жарнамалайсыз
  • Товарыңызды кеңири тааныта аласыз
  • Сатуу деңгээлин жогорулата аласыз
  • Болочок кардарларыңыздын санын көбөйтө аласыз

Туура форматты тандаңыз

Интерактивдүү элементтери бар, анимацияланган графикалык жана мультимедиялык жарнамаларды, жөнөкөй тексттен турган көрнөк-жарнактарды, Gmail'деги жекелештирилген жарнамаларды, ошондой эле мобилдик колдонмолордо көрсөтүлүүчү графикалык жарнамаларды колдоно аласыз.

Керектүү адамдарга кайрылыңыз

Ачкыч сөздөр, демографиялык көрсөткүчтөр, жайгашкан жер жана ремаркетинг сыяктуу оптималдаштыруу куралдарын пайдаланып, болочок кардарларыңыздын санын көбөйтүңүз. Колдонуучуларга товарларыңызга же кызматыңызга кызыгып, сизге керектүү аракеттерди көрүүсүнө түрткү бериңиз.

Ийгиликтерге жетүү үчүн параметрлерди тууралаңыз

Белгиленген максаттарга тезирээк жетүү үчүн Google Ads өнөктүгүнүн майнаптуулугун талдап, жөндөөлөрдү тууралаңыз.

Компанияңызга элдин көңүлүн көрнөк-жарнак жана сүрөттөр менен буруңуз

Медиялык өнөктүктөр жөнүндө суроолоруңуз барбы?