Жарнамаңызды Google'га бүгүнтөн калбай жайгаштырыңыз.

Болочоктогу кардарларыңыз компанияңыз жөнүндө Google’дан өзүлөрүнө керектүү товарлар менен кызматтарды издеп жатышканда биле алышат. Сиз болгону сайтка өткөнү жана жарнама боюнча чалганы үчүн гана төлөйсүз.

Баштоо

компьютерлерди оңдоо

Компьютерлерди тез арада оңдоо - Кайсы күнү бузулса, ошол күнү оңдоп беребиз

Жарнама menin-biznesim.kg

Бузулган компьютериңизди бизге качан алып келсеңиз, ошол эле күнү оңдоп беребиз.

scroll icon

Артыкчылыктар

Эмне үчүн Google Ads?

Жаңы кардарларды табасыз.

Google Ads кызматы аркылуу Интернетте көбүрөөк нерсе сатып, кеңсеңизге чалган адамдардын санын көбөйтүп, сайтыңызга жаңы адамдарды тартып, туруктуу аудиторияны курай аласыз.

Керектүү учурда керектүү адамдарга кайрыла аласыз.

Болочок кардарларыңыз жарнамаңызды Google’да өзүлөрүнө керектүү товарлар менен кызматтарды издеп жатышканда көрүшөт.

Өзүңүз жашаган чөлкөмдө же бүткүл дүйнө жүзү боюнча жарнамалай аласыз.

Жарнамаларды ар кандай өлкөлөрдө, чөлкөмдөрдө, шаарларда, жада калса, кеңсеңизден же дүкөнүңүздөн алыс эмес аралыкта көрсөтсөңүз болот.

Google Ads кызматынын артыкчылыктары тууралуу кененирээк маалымат

Наркы

Натыйжа үчүн гана акы төлөйсүз.

Эч ким кирбесе, эч кандай акча төлөбөйсүз.

Google Ads кызматына акысыз катталасыз. Колдонуучу жарнамаңызды басып, веб-сайтыңызга өткөндө же кеңсеңизге чалганда гана акы төлөйсүз. Башкача айтканда, жарнама чындап иштегенде гана.

Каалаган бюджет менен баштай бересиз.

Акчаңыз чектелүү болсо да, жарнамаңыздын максатын туура белгилесеңиз, чоң ийгиликке жете аласыз. Айрым компаниялар жарнамаларына айына миллиондогон сом жумшаса, айрымдарына болгону бир нече жүздөгөн сом жетиштүү болот.

Баалар тууралуу кененирээк маалымат

БАШТОО

Бүгүнтөн калбай катталыңыз!

Аккаунтуңузду түзүп, бюджетиңизди белгилеп, биринчи жарнамаңызды кошуп, анын кимдерге көрүнө турганын тандаңыз. Жарнамалык өнөктүктүн жөндөөлөрүн каалаган учурда өзгөртө аласыз.