Дүйнөлүк колдонмо өнөктүктөрү

Колдонмоңузду жактыра турган адамдарды табасыз

Колдонмолорго арналган дүйнөлүк өнөктүк аркылуу iOS же Android'ге арналган колдонмоңузду Google Издөөдө, YouTube'да, Google Play'де жана башка кызматтарда жарнамалай аласыз. Биздин технологиялардын жардамы менен жарнамаңыз сиздикиндей колдонмолорду издеген аудиторияга көрүнөт.

Баштадык

3 кадамдан баштаңыз

Колдонмоңуздун жарнамасын даярдап алыңыз

Колдонмоңуз тууралуу маалыматтын негизинде жарнама түзүүгө жардам беребиз. Ошондой эле, колдонмоңуздун сүрөттөрүн же видеолорун жүктөп берсеңиз болот.

Бюджетиңизди көрсөтүңүз

Өзүңүз каалаган максаттуу орнотуу акысын (tCPI) жана күнүмдүк бюджетти коюңуз. Аларды каалаган убакта тууралап алсаңыз болот.

Кандай максаттарды көздөп жатасыз?

Колдонуучулардан кандай аракет күтсөңүз, жарнамаңыз дал ошондой адамдарга көрсөтүлөт.

Колдонмоңузду Google колдонуучуларына жарнамалоо үчүн бир гана дүйнөлүк өнөктүк жетиштүү болот

Максатыңыз жөнүндө айтып бериңиз

Колдонмоңуздун жарнамасын аны жүктөп ала турган колдонуучуларга көрсөтөбүз. Компанияңыз кеңейип, кирешеңиз өсөт. Колдонуучулардан кандай аракет күтөсүз:

  • Колдонмону жөн гана орнотуп алышсынбы
  • Же колдонмодогу товарларды сатып алып, 2-деңгээлге өтүшсүнбү?

Колдонмоңуздун жарнамасын түзүп, алдын ала көрүңүз

Колдонмоңуз тууралуу маалыматтын негизинде Play Store же App Store'до жарнама түзүүгө көмөктөшөбүз. Мындан тышкары, ага төрт саптан турган текстиңиз да кошулат. Кааласаңыз, колдонмоңузга сүрөттөрдү же видео кошсоңуз болот.

Дагы ийгиликтерге жетиңиз

Smart Bidding функциясынын жардамы менен өнөктүгүңүздүн майнаптуулугун арттыра аласыз.

Колдонмоңузду Google'да жарнамалап пайдасын көрүңүз

Жарнамаңызды керектүү адамдарга жана компанияңыз үчүн эң ылайыктуу баада көрсөтүү үчүн биз атайын программаны колдонобуз. Жарнамаларды, бааларды жана бюджетиңизди туура пайдалануу үчүн жетиштүү маалымат (болжол менен 100 киши) топтолгонго чейин күтөбүз.
Кененирээк маалымат
Эң оор жумушту бизге калтырыңыз

Колдонмолорго арналган универсалдык өнөктүктөрдө машинанын негизинде окутуу алгоритмдери колдонулат. Алар бир эле маалда сигналдардын 300 миллиондон ашуун комбинацияларын талдап, ар бир жарнама боюнча оптималдуу чечим чыгара алышат. Google жарнамаларыңызды сиздин колдонмоңузга байланыштуу сөздөр менен колдонмолорду издеп жаткан адамдарга көрсөтөт. Мындан тышкары, сиздин колдонмого окшош колдонмонун чоо-жайын көрүп жаткан адамдар да жарнамаңызды көрүшөт.

Толугураак маалымат алуу үчүн Жардам борборубузга баш багыңыз

Колдонмолорго арналган дүйнөлүк өнөктүктү ишке ашырыңыз

Колдонмолорго арналган универсалдык өнөктүктөр жөнүндө суроолоруңуз барбы?