Өзүңүз жөнүндө айтып бериңиз.

Жарнамаларыңыз кимдерге көрүнө турганын өзүңүз чечесиз. Бул учурда жарнамаларыңызды кызыгып көргөн колдонуучулар үчүн гана акы төлөйсүз. Башкача айтканда, товарларыңызга же кызматтарыңызга кызыкпаган колдонуучуларга жарнаманы көрсөтүп акча коротпойсуз.

Баштоо

Видео жарнама кантип жайгаштырылат.

1

Жарнамаңызды жарыялаңыз.

Видео түзүлгөндөн кийин аны YouTube’дагы аккаунтуңузга жүктөп, Google Ads кызматында YouTube жарнамалык өнөктүгүн жайгаштырасыз. Видеоңуз окшош видеолордун же издөө жыйынтыгынын жанында көрүнөт.

2

Жарнамаңыз кимдерге көрүнө турганын тандайсыз.

Ар кандай нерселерге кызыккан колдонуучуларды тандап туруп, алардын курагын, жынысын, жайгашкан жерин жана башка мүнөздөмөлөрүн көрсөтүңүз.

3

Канча акча жумшай турганыңызды чечип алыңыз.

Жарнамага канча акча жумшай турганыңызды көрсөтүп, анын майнаптуулугуна YouTube Analytics кызматы аркылуу көз салыңыз.

Кыялыңыздагы кардарды тандай аласыз.

Болочок кардарларыңыздын курагын, жынысын, жайгашкан жерин, кызыкчылыктарын жана башка мүнөздөмөлөрүн көрсөтүп, миллиарддан ашык колдонуучулардын арасынан көздөгөн аудиторияңызды тандай аласыз. Баса, жарнамаңызга байланыштуу кандайдыр бир аракет көрүлгөндө гана акы төлөйсүз. Эгер колдонуучу жарнамаңызды 30 секундга жетпеген убакытта көрүп (же жарнамаңыз кыска болсо, аны аягына чейин көрбөй) өткөрүп жиберсе, сизден бир да тыйын албайбыз.

Жарнамалардын майнаптуулугун текшерип турасыз.

Жарнамаңызды кимдер көрүп жатканын жана ага байланыштуу кандай аракеттер жасалганын билгиңиз келсе, YouTube Analytics кызматын пайдалансаңыз болот. Күнүмдүк бюджетти каржы мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша өзүңүз белгилейсиз.