Сизди Google Издөө кызматында табышат.

Контексттик жарнамалар сиз сунуштаган товарлар менен кызматтарга байланыштуу издөө жыйынтыктарынын жанында көрүнөт. Бул учурда сиз алар сайтыңызга өткөндө же компанияңызга чалганда гана акы төлөйсүз.

Издөө тармагындагы өнөктүктөр

1

Контексттик жарнамаңызды түзүңүз.

Бир нече мүнөт гана кетет. Жарнамаңызда кандай товарлар менен кызматтарды сунуштап жатканыңызды сүрөттөп айтып бериңиз.

2

Кардарларыңызды негизги сөздөр аркылуу таап алыңыз.

Андан соң компанияңызды Google'да табуу үчүн колдонула турган ачкыч сөздөрдү тандаңыз.

3

Издөө өнөктүгүнүн бюджетин көрсөтүңүз.

Күнүмдүк бюджет коюлгандан кийин, жарнамаңыз көрсөтүлө баштайт.

Жарнамаңыз кандай болуп көрүнөт.

Жарнамалар Google’да адамдар издеген ачкыч сөздөргө туура келген издөө жыйынтыктарынын үстүндө көрүнөт.
Колдонуучу сайтыңызга өтүү же компанияңызга чалуу үчүн жарнаманы баскан учурда гана акы төлөйсүз. Күн сайын компьютерлерден, планшеттерден жана смартфондордон миллиондогон нерселерди издеген Google’дун колдонуучуларынын арасында сиз сунуштаган товарга же кызматка кызыгып, аны сатып ала тургандар болбой койбойт.

карапа

Асан устанын карапа идиштери

Жарнама menin-biznesim.kg

Кол менен жасалган вазалар, идиштер, сувенирлер жана башка көптөгөн кооз буюмдар. Аларды биздин галереябызга келип же Интернет аркылуу сатып алыңыз.

Маалымат топтоо жана талдоо

Жарнамалар көрсөтүлүп баштаары менен, алардын майнаптуулугу тууралуу отчетторду алып, керектүү түзөтүүлөрдү киргизип турасыз. Мындан тышкары, жарнамалардын ар кандай версияларын түзүп, арасынан мыктысын тандап алсаңыз болот.