Кардарларга каалаган түзмөктөгү веб-сайттардан жана колдонмолордон кайрыла аласыз.

Google Ads кызматынын медиялык жарнамалары 2 000 000 ашуун веб-сайттарда жана 650 000 ашуун колдонмолордо көрсөтүлгөндүктөн, каалаган аудитория менен иштеше аласыз.

Дисплейдик жарнамалардын түрлөрү

Текст

Издөө тармагындагы жарнамалар сыяктуу эле дисплейдик жарнамалар аталыштан, эки сапты ээлеген кыскача маалыматтан жана URL дарегинен турат.

Gmail

Жекелештирилген жарнаманы Gmail кызматында көрсөтсөңүз, колдонуучулар аларды сактап, башкалар менен бөлүшүп жана өз почта кутуларында көрө алышат.

Баннерлер

Бул формат аркылуу сүрөттөрдүн жана анимациялардын, мультимедиялык жана интерактивдик элементтердин жардамы менен жарнаманы өзүңүз каалагандай кылып жасалгалап аласыз.

Колдонмо

Мобилдик колдонмолордун белгилүү бир категорияларына багытталган өнөктүктү түзүп, колдонмоңузда көрсөтүлүп жаткан жарнаманын майнаптуулугуна көз салып турсаңыз болот.

Дисплейдик жарнамалар менен иштөө.

1

Форматын тандап алып, жарнамаңызды түзүңүз.

Каттоо эсебиңиздеги форматтардын жыйнагы аркылуу жөн гана текст жазылган жарнамаларды гана эмес, графикалык жарнамаларды да бир нече мүнөттүн ичинде түзө аласыз.

2

Жарнамаларыңыз кайда көрсөтүлөрүн чечиңиз.

Медиялык жарнамалар кардарлардын кызыккан нерселери же демографиялык мүнөздөмөлөр сыяктуу маалыматтын негизинде аудиторияны так аныктоого жардам берет.

3

Бюджетиңизди белгилеңиз.

Максаттуу аудиторияңызга кайрылуу үчүн канча каражат сарптарыңызды чечип, жарнамаларыңызды керектүү адамдарга көрсөтүп баштаңыз.

Туура адамдарга кайрылыңыз.

Контексттик-медиялык жарнамалардын тармагында миллиондогон сайттар, жаңылыктар жана блогдор, ошондой эле Gmail жана YouTube сыяктуу Google’дун ресурстары камтылган. Ал аркылуу дүйнө жүзүндөгү Интернет колдонуучуларынын 90% камтый аласыз. Таргетинг жөндөөлөрүнүн, ачкыч сөздөрдүн, демографиялык мүнөздөмөлөрдүн жана ремаркетингдин жардамы менен, кардарлардын назарын компанияңызга бөлүп, сатуу деңгээлин жогорулатууга болот.

Үзгүлтүксүз оптималдаштыруу

Жарнамалар боюнча статистиканы талдап, жарнаманы жакшы кабыл алган колдонуучуларды аныктай аласыз. Эгер конверсиялардын санын көбөйтүп (сатып алуулар, компанияңызга чалуулар сыяктуу аракеттер), өнөктүктөрүңүздүн майнаптуулугун арттыргыңыз келсе, Google Ads кызматынын жөндөөлөрүн тууралап белгиленген максаттарга жетиңиз.