Көп берилүүчү суроолор

Google Ads жөнүндө суроолоруңуз барбы? Кызыккан суроолоруңузга жоопторду "Көп берилүүчү суроолор" бөлүмүндө жана жарнамалоо ресурстарында таба аласыз.

  • Google Ads деген эмне?

    Google Ads (мурунку аталышы Google AdWords жана Google AdWords Express) – компанияларга товарларын жана кызматтарын Google Издөө, YouTube жана башка сайттарда жарнамалоого мүмкүнчүлүк берген кызмат. Мындан тышкары, жарнамачылар Google Ads кызматын компаниясына телефон чалган же вебсайттарга баш баккан адамдардын санын көбөйтүү үчүн да пайдалана алышат. Google Ads кызматына жазылган жарнамачылар өзүлөрүнө ыңгайлуу бюджеттерди түзүп, кардарлардын арасынан максаттуу топту аныктап, жарнамаларын каалаган убакта көрсөтүп же токтотуп коюшат.

  • Google AdWords жана Google AdWords Express деген эмне?

    Google AdWords жана Google AdWords Express жаңы Google Ads кызматынын мурунку аталыштары.

  • Google Ads кызматы кантип иштейт?

    Google Ads кызматы Интернетте сиздикине окшош кызматты же товарды издеп жаткан адамдарга жарнамаңызды көрсөтөт. Өркүндөтүлгөн технологиялардын жардамы менен, Google Ads жарнамаңызды болочок кардарларга керектүү учурда көрсөтүп турат.

    1. Алгач, ишти вебсайтыңызга кирген же компанияңызга чалган адамдардын санын көбөйтөм деген максат менен баштайсыз.
    2. Андан соң, жарнамаңыз кайсы жерлерде көрсөтүлө турганын чечесиз. Тактап айтканда, компанияңыз жайгашкан районду же шаарларды, административдик аймактарды же бүтүндөй өлкөлөрдү тандашыңыз мүмкүн.
    3. Соңунда, жарнамаңызды даярдап, бир айлык бюджетти белгилейсиз.

    Жарнама жактырылгандан кийин, тандалган аймактагы колдонуучулар сиздикине окшош товарды же кызматты издегенде, жарнамаңызды көрүшөт. Колдонуучулар жарнамаңызды чыкылдатканда, вебсайтыңызга баш бакканда же телефон чалганда гана төлөйсүз.

  • Google Ads кызматында жарнамалардын кандай түрлөрү бар?

    Google Ads кызматындагы өнөктүктөрдүн негизги үч түрү бар:

    • Издөө тармагындагы өнөктүктөр – адатта, текст түрүндө болуп, кимдир-бирөө сиздикине окшош товарды же кызматты издегенде, Google Издөө кызматында табылган нерселердин арасында көрүнөт
    • Медиялык жарнамалар өнөктүктөрү – адатта, сүрөт түрүндө болуп, кардарларыңыз баш баккан вебсайттарда же колдонмолордо көрүнөт
    • Видео өнөктүктөр – адатта, 6-15 секунддук видеолор. Алар YouTube'дагы видеонун башында же ортосунда көрсөтүлөт

    Соода өнөктүктөрү, Колдонмолорго арналган дүйнөлүк өнөктүктөр жана башка өркүндөтүлгөн өнөктүктөрдүн түрлөрү жөнүндө бул жерден билсеңиз болот.

  • CPC (бир чыкылдатуунун наркы) же PPC (бир чыкылдатуунун акысы) жарнамасы деген эмне?

    CPC (бир чыкылдатуунун наркы) же PPC (бир чыкылдатуунун акысы) – кимдир-бирөө жарнамаңызды чыкылдатканда гана, ал үчүн акы төлөйсүз дегенди билдирет.

    Жарнаманын башка түрлөрү да бар:

    • Ар бир көрсөтүүнүн акысы – жарнамаңыз канча жолу көрсөтүлгөнүнө (чыкылдатылганына эмес) жараша акы төлөйсүз.
    • Ар бир аракеттешүүнүн акысы – колдонуучу алдын-ала белгиленген шарттарды аткарганда гана (мисалы, жарнамаңызды көргөндө) акы төлөйсүз.
  • Google Ads кызматы канча турат?

    Google Ads кызматына мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша акча жумшайсыз. Жумшала турган каражаттын көлөмү эч кандай роль ойнобойт. Колдонуучулар жарнамаңызды чыкылдатып вебсайтыңызга өткөндө же компанияңызга чалганда гана акы төлөйсүз. Google Ads кызматына жумшала турган чыгымдарга эч кандай чек коюлбайт жана мөөнөтү көрсөтүлгөн келишим түзүлбөйт — жарнамаңызды каалаган убакта токтотуп койсоңуз болот. Ар бир чыкылдатуунун же чалуунун акысы ар кандай шартта эсептелет. Кененирээк маалымат.

  • Google'да жарнамаларымды кантип жайгаштыра баштайм?

    Google Ads кызматына катталып, иштеп баштоо үчүн бул жерди чыкылдатыңыз. Нускамадагы кадамдарды аткарып, алгачкы жарнамаңызды түзүп алыңыз. Кааласаңыз, Google Ads кызматынын адистери жаңы аккаунтту түзүүгө жана алгачкы өнөктүгүңүздү жаратууга акысыз жардам беришет.